КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданий борборунун президенти Ли Канг Хён менен жолугушту

2022-жылы 14-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Корея Республикасынын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун президенти Ли Канг Хён башында турган делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2,3 миллион доллар өлчөмүндөгү Корея Республикасынын Өкмөтүнүн өнүктүрүүгө расмий жардамынын алкагында Кыргыз Республикасынын маданий мурастарын санариптештирүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Динара Кемелова Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын чет өлкөлөрдө кеңири жайылтуу жана Кыргызстанга чет элдик туристтерди тартуу үчүн бирдиктүү маалымат базасын түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Маалымат үчүн: Долбоор КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу ишке ашырылууда. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын үч маданий объектинин потенциалын күчөтүү пландаштырылууда: Улуттук тарых музейи, Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейи жана Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизация борбору.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK