Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Президентинин Жардамчысы – Президенттик Администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев менен жолугушту

Ушул жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжан Республикасынын Президентинин жардамчысы – Президенттик Аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев менен жолугушту.

Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн келечегин, ошондой эле кыргыз-азербайжан мамилелеринин актуалдуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Мындан тышкары, маектешүүчүлөр Азербайжан Республикасында Кыргыз Республикасынын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча пикир алышты. Ошону менен бирге, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөөнүн урматына, Элчи Азербайжанда улуттук жазуучунун элесин түбөлүккө калтыруу маселесине көңүл бурду.

Жогорку жана бийик деңгээлдеги визиттер менен алмашуу пландарына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда тараптар Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун практикалык ишке киргизүү боюнча маселелерди талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK