Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен Монголиянын Президенти У.Хурелсухтун жолугушуусу болду

Ушул жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев менен Монголиянын Президенти У.Хурелсухтун жолугушуусу болду.

Президент У.Хурелсух Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кылымдык достукка негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууда чоң потенциал бар экенин айтып, эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун саламын жана жылуу каалоо-тилектерин жеткирди.

Министр Ж.Кулубаев саясий диалогду мындан ары тереңдетүүнүн, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле Монголиянын айыл чарба, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кыргыз тарап кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары, Президент С.Жапаровдун «Жашыл мурас» демилгесинин максаттары жана милдеттери менен Монголиянын Президенти У.Хурэлсухтун «Миллиард дарак» улуттук программасы шайкеш экендиги белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле соода көлөмүн кеңейтүү, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, тигүү жана текстиль тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK