Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын Тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг менен жолугушту

2023-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын Тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэг менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы саясат ведомстволорунун башчылары саясий диалогду бекемдөө, жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев кыргыз-монгол соода-экономикалык мамилелерин күчөтүү, тактап айтканда айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Монголиянын тышкы иштер министри Б.Батцэцэг бул сунуштардын актуалдуулугун баса белгилеп, монгол тарап биргелешип иштөөгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле туризм, медицина, билим берүү жана маданият тармагындагы өз ара аракеттенүүгө басым жасады.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлерине жагымдуу шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу, ошондой эле аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK