Кыргыз Республикасы менен Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда министрлердин орун басарларынын биринчи саясий кеңешмелери болуп өттү

2024-жылдын 15-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасы менен Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда министрлердин орун басарларынын деңгээлинде биринчи саясий кеңешмелер болуп өттү. Кыргыз тараптын делегациясын Тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов мырза, ал эми Шри-Ланка тарапты Тышкы иштер министринин орун басары Аруни Вижевардане айым жетектеди.

Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашты, ошондой эле мындан аркы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

КР Тышкы иштер министринин орун басары А.Атаханов саясий чөйрөдөгү кызматташуу маселелерине токтолуп, Кыргызстан менен Шри-Ланканын ортосундагы алгачкы байланыштар Кыргыз Республикасынын тарыхында советтик мезгилде башталганын белгиледи. 1985-жылдан 1990-жылга чейин СССРдин Шри-Ланкадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп көрүнүктүү кыргыз дипломаты Кеңеш Кулматов болгон.

Мындан тышкары, тараптар кызматташтыктын соода-экономикалык чөйрөсүн активдештирүүнүн жана укуктук-келишим базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиледи. Министрдин орун басары А.Атаханов эки өлкөнүн чоң экономикалык дараметин белгилеп, буга байланыштуу айыл чарба, текстиль өнөр жайы жана туризм сыяктуу тармактарда соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин активдештирүүнү сунуштады.

Кеңешмелердин жүрүшүндө ошондой эле актуалдуу эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашуу болуп, БУУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын аянтчаларында аймактык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда эки тараптуу кеңешмелер жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK