2019-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Чолла Намдо провинциясынын билим берүү агенттиги аркылуу уюштурулган ICT программасын окутуу боюнча 18 кыргызстандык мугалимдерди кабыл алды

2019-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Чолла Намдо провинциясынын билим берүү агенттиги аркылуу уюштурулган ICT программасын окутуу, тажрыйба алмашуу, сабак берүү ыкмаларын үйрөнүү боюнча 18 кыргызстандык мугалимдерди, Жогорку Кеңештин Аппаратынын өкүлүн, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министирлигинин өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мугалимдер корея тарабына Түштүк Кореяда билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендигине терең ыраазычылыгын билдиришип, ошондой эле өздөрүнүн каало-тилек жана ой-пикирлери менен бөлүшүштү. Элчи Динара Кемелова корея тарабына окуу программалардын санын көбөйтүп берүүнү сунуштап, ал эми мугалимдерге болсо Түштүк Кореяда алган билимдерин Кыргызстандагы мектептерге кеңири таркатып, колдонууну сунуштады.

Мектеп мугалимдерине арналган кыска убактылуу курсттар Кыргыз Республикасы менен 2017 –жылдан бери өткөрүлүп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK