2019-жылдын 2-июлунда болжол менен 15.00 саатта Екатеринбург шаарында өзүнүн жашаган үйүнүн тушунда «Кыргызстан-Урал» Свердлов облустук коомдук уюмунун төрагасы К.Каримов белгисиз эки адам тарабынан ок атуучу курал менен атылып, каза тапты

2019-жылдын 2-июлунда болжол менен 15.00 саатта Екатеринбург шаарында өзүнүн жашаган үйүнүн тушунда «Кыргызстан-Урал» Свердлов облустук коомдук уюмунун төрагасы К.Каримов белгисиз эки адам тарабынан ок атуучу курал менен атылып, каза тапты.

Учурда Свердлов облустук иликтөө башкармалыгы тарабынан окуяны иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

         Кыргыз Республикасынын  Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан жергиликтүү бийлик бутактарына жана тергөө органдарына окуяны иликтөө боюнча ишин көзөмөлгө алуу тууралуу каттары жиберилди.

К.Каримов көп жылдан бери Урал аймагы боюнча кыргыз диаспора уюмунун жетекчиси катары ийгиликтүү иштеп келген.

         Маркум менен коштошуу ирээтинде Екатеринбург шаарында Башкы консулдуктун жана мекендештердин катышуусунда жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда Екатеринбург шаарында болуп өттү. Маркумдун сөөгү 4- июлда Кыргызстанга жөнөтүлүп, кичи мекени Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында коюлмакчы.

         Окуяны иликтөө иши Башкы консулдуктун көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK