2019-жылдын 24-июнунда Ыссык-Көлдө Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык офисинин колдоосу менен К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия өткөрүүчү Афганистан, Монголия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаш дипломаттары үчүн төртүнчү эл аралык жайкы мектеби өз ишин баштады

2019-жылдын 24-июнунда Ыссык-Көлдө Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык офисинин колдоосу менен К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия өткөрүүчү Афганистан, Монголия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаш дипломаттары үчүн төртүнчү эл аралык жайкы мектеби өз ишин баштады.

Дипломатиялык академиянын Ректору Чинара Адамкулова салтанаттуу ачылыштагы куттуктоо сөзүндө жайкы мектеп аймактагы кызматташтыктын көйгөйлөрүн жана келечегин биргелешип изденип, талдап чечүүчү аянтча экендигин белгиледи.

Иш чаранын ийгиликтүү өтүшүн каалап жана тематикалык лекция менен КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев, Бишкек шаарындгы ЕККУнун Программалык офисинин башчысы  элчи Пьер фон Аркс, Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи  Комил Рашидов чыгып сүйлөштү.

Жайкы мектептин ишине Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикистандын, Казахстандын, Туркменистандын, Афганистандын жана Монголиянын тышкы иштер министрликтеринин кенже звеносунун дипломаттары катышууда. Иш чараны өткөзүүнүн максаты аймактын дипломатиялык кызмат өкүлдөрүнүн өз ара тыгыз мамилесин өнүктүрүү жана белгиленген тематика боюнча  пикир алмашуу болуп саналат.  Бир жуманын ичинде угуучуларга адам укуктары, эл аралык жана аймактык мамилелер, экономика, экстремизмге жана терроризмге каршы аракет, азыркы башка чакырыктар боюнча КР Тышкы иштер министрликтен, РФ ТИМ МГИМОдон, Кыргызстан жана Россиянын Дипломатиялык академияларынан, миграция боюнча Эл аралык уюмунан, Катар Мамлекетинин Дипломатиялык Институнун эл аралык эксперттери лекцияларын окушат. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK