29-май - БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн эл аралык күнү

2023-жылдын 29-майында «Тынчтык менден башталат» деген ураан астында 2002-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен жарыяланган БУУнун Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн эл аралык күнүнүн 75 жылдыгы белгиленет.

Бул күн БУУнун тынчтык орнотуу операцияларында кызмат өтөгөн же катышууну уланткандардын бардыгына таазим этет, ошондой эле тынчтыктын иши үчүн жанын бергендерди эскерүү күнү. БУУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн тарыхында 4000ден ашуун «көк каскачандар» тынчтык үчүн өз өмүрлөрүн беришти, анын ичинде былтыр 135 адам.

Бүгүнкү күндө 87,000ден ашык аскер, полиция жана жарандык персонал БУУнун 12 тынчтык орнотуу операциясына тартылып, миссияларга өздөрүнүн мандаттуу иш-аракеттерин, анын ичинде жарандарды коргоого көмөктөшүүдө негизги ролду ойношот.

Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн күнүн белгилөө үчүн баш катчы Антониу Гутерриш БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында БУУнун желеги астында кызмат учурунда курман болгон бейпилдик күчтөрүнүн элесине гүлчамбар коюу аземин өткөрдү. Муну менен катар быйыл 2022-жылы курман болгон тынчтыкты сактоочуларга Даг Хаммаршкольд медалы ыйгарылган азем болуп өттү.

1-майдан 6-июнга чейин БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартиратынын фойесинде тынчтыкты сактоонун 75 жылдык тарыхын баяндаган фотокөргөзмө өтөт, ал виртуалдык форматта да жеткиликтүү болот.

Кыргыз Республикасы тынчтыкты сүйүүчү мамлекет катары эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту жана стабилдүүлүктү сактоонун маанилүү куралы катары БУУнун тынчтыкты сактоо ишине ар дайым умтулган жана туруктуу бойдон калууда, ошондой эле БУУнун тынчтык орнотуу операциясына катышкан биринчи Борбор Азия мамлекети болуп саналып, улуттук мыйзамдарга ылайык, БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына активдүү аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен өз өкүлдөрүн жөнөтөт.

Учурда Кыргызстандын тынчтык орнотуучулары да БУУнун тынчтык орнотуу миссияларында тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого салым кошууда.

Катышуунун бардык мезгилинде Кыргызстан БУУнун ар кандай тынчтык орнотуу миссияларына, анын ичинде Сьерра-Леонеге, Либерияга, Косового, Суданга, Чыгыш Тиморго, Эритреяга, Эфиопияга, Гаитиге жана Чадга 200гө жакын жеке аскер өкүлдөрүн жөнөттү.

Кыргызстан БУУнун алкагында жүргүзүлүп жаткан тынчтык орнотуу операцияларына катышуу үчүн өздүк курамды берүүгө даяр жана БУУнун тынчтык орнотуу операцияларында Кыргыз Республикасынын катышуусун консолидациялоого жана кеңейтүүгө багытталган аракеттерди улантууну зарыл деп эсептейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK