Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Социалдык өнүктүрүү комиссиясынын 58-сессиясынын ишине катышты. Күн тартибинин негизинде: «Бардык турак-жайы жок калктардын проблемаларын чечүү үчүн арзан турак жай жана социалдык коргоо системасы» деп аталган маселе каралды

2020-жылдын 13-февралында Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү БУУнун Социалдык өнүктүрүү комиссиясынын 58-сессиясынын ишине катышты. Күн тартибинин негизинде: «Бардык турак-жайы жок калктардын проблемаларын чечүү үчүн арзан турак жай жана социалдык коргоо системасы» деп аталган маселе каралды.

 БУУдагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өзүнүн сөзүндө 2030-жылга чейинки мезгил аралыгындагы туруктуу өнүгүү тармагын жыйналыштын күн тартибинде кароо менен БУУга мүчө-мамлекеттер жалпы улуттардын шарттарына ылайыктуу социалдык коргоо системасын түзүүдө алгылыктуу иш-аракеттерди жүргүзүүгө макулдашып, ошондой эле жалпыга жеткиликтүү жана коопсуз турак-жай менен камсыз кылуу милдетин алгандыктары тууралуу айтып өттү.

Миргүл Молдоисаева Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2015-2020-жылдар аралыгында «Жеткиликтүү турак-жай» программасынын алкагында аткарылып жаткан иштерге токтолуп өттү. Анын негизги максаты Кыргыз Республикасында турак-жай жетиштигин жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү, өлкөнүн бардык аймактарында калкка жетиштүү санда үй куруу, мамлекеттик банк системасын тартуу аркылуу турак-жай сатып алууга ыңгайлуу ипотекалык механизмдерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн ишке киргизилиши жөнүндө маалымат берди. 2018-жылы Кыргыз Республикасында кабыл алынган 2018-2040-жылдар аралыгында аткарылуучу Улуттук өнүгүү стратегиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2018-2022-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын өнүгүү программасы» боюнча иштелип чыккан «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» планы боюнча калктын аз камсыз болгон бөлүгүн турак-жай менен камсыз кылуу ишине кошумча өбөлгөлөр түзгөндүгүн  баса белгилеп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK