Элчи К. Өмүралиев Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ менен жолугушту

2020-жылдын 13-14 февралында Кыргыз Республикасынын Туркиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Бурса шаарына иш сапары болуп өттү.

Иш сапардын алкагында, Элчи К. Өмүралиев Бурса шаарынын мэри Алинур Акташ менен жолугушту. Кыргызстандын региондорун жана эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү максатында Бурса шаарынын КР шаарларынын бири менен боордош шаар мамилелерин орнотуу зарылчылыгын билдирди.

Иш сапар учурунда, Элчи К. Өмүралиев Бурса шаарынын Соода жана өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен, ошондой эле башкаруу кеңешинин өкүлдөрү жана ишкерлери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө, К.Өмүралиев Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат, бизнес жүргүзүү (либералдуу салыктар, бизнес жүргүзүүгө чыгымдар ж.б.), макроэкономикалык көрсөткүчтөр, Кыргызстандын ЕАЭС уюмундагы мүчөлүгү жана тышкы соода туралуу презентация тартуулады, ошондой эле мамлекеттик  жана жеке сектордун өнөктөштүгүнүн долбоорлорун таратты.

Элчи К.Өмүралиев 2020-жылдын жай айында өтө турган кыргыз-түрк бизнес форумуна түрк ишкерлерин чакырды.

Маалымат катары: Бурса шаары Туркиянын түндүк-батышында жайгашкан, ал эми чоӊдугу боюнча Стамбулдан, Анкарадан жана Измирден кийинки төртүнчү орундагы ири шаар жана аты уйкаш аймактын административдик борбору. Бурса шаарынын калкынын саны 2019-жылга карата 3,056 млн. адамды түзгөн 395-жылдан 1326-жылга чейин Бурса Византия империясына караштуу болчу. 1326-жылында түрктөрдүн византийлерди ийгиликтүү талкалоо жана курчоодон кийин Бурса Осман империясынын колуна өттү.

1326-1365 жылдар арасы жаш Осман мамлекетинин борбору болду.

Бурса аймагынын экономикасынын негизги тармактары айыл чарба, текстил жана унаа өндүрүштөрү, соода, туризми, минералдар (күмүш, цинк, мрамор, ж.б.) болуп саналат. Бурсада «Oyak-Renault» жана «TOFAŞ» унаа ишканалары, ошондой эле унаа компонентери үчүн пресстөө жабдыктарын өндүргөн «Coskunoz» ишканасы жайгашкан.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK