КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Америка-Кыргызcтан Ишкерлер кеңешинин (АКИК) Төрагасы Филип де Леон баштаган Америка Кошмо Штаттарынан келген бизнес-делегациясы менен жолугушту

Ушул жылдын 24-октябрында КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев менен Америка-Кыргызстан Ишкерлер кеңешинин (АКИК) Төрагасы Филип де Леон баштаган Америка Кошмо Штаттарынан келген бизнес делегациянын жолугушуусу болуп өттү.

Маалымат үчүн: АКШ-Кыргызстан Ишкер Кеңеши коммерциялык эмес түзүм, АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган жеке жана көз карандысыз соода бирикмеси.

АКШ делегациясынын курамында General Electric, Visa, Coca-Cola, Valmont, Medtronic, Borusan сыяктуу бир катар ири америкалык компаниялардын өкүлдөрү бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасында инвестиция тартуу жана өндүрүштү кеңейтүү маселелерине токтолушту.

Министрдин орун басары А.Молдогазиев Кыргызстан чет мамлекеттер, анын ичинде АКШ менен соода-экономикалык байланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин айтып, экономикалык дипломатия жаатындагы өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан ары америкалык компаниялар кыргызстандык өнөктөштөр менен байланыш түзүүгө, өнүктүрүү жана кызматташуу пландарын иштеп чыгууга, Кыргыз Республикасындагы төлөмдөрдү санариптештирүү жаатында тажрыйба алмашууга, Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, айыл чарбасында сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонууга кызыкдар экендигин белгилешти.

АКИКнин төрагасы Филипп де Леон бизнес миссиясынын негизги максаты Кыргыз Республикасына америкалык инвестицияларды илгерилетүү жана алардын өлкөдө иштөө шарттарын изилдөө экенин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар талкууланган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK