Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Администратору Ахим Штайнер менен виртуалдык жолугушуу өткөрүп, мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулады

2020-жылдын 23-октябрында, Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Администратору Ахим Штайнер менен виртуалдык жолугушуу өткөрүп, мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева өлкөдөгү учурдагы ички саясий кырдаал, анын ичинде бардык мамлекеттик институттардын толук кандуу иштеши, ошондой эле Кыргызстанда болуп өткөн парламенттик шайлоодон кийин болуп өткөн окуялар, анын ичинде улуттук бийликтин мыйзамдарына ылайык өлкөдө бийликти тынч өткөрүп берүү жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле ал БУУӨПтүн Администратору А.Штайнерди Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде мыйзамдуулук, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жана алдыга жылдыруу жаатында толук бойдон кала берет деп ишендирди. Мындан тышкары, туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаева Коронавируска жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүдө, ошондой эле шайлоо процессин өркүндөтүүдө БУУнун Өнүктүрүү Программасынын жардамын күчөтүү өтүнүчүн билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Администратору Ахим Штайнер өз кезегинде туруктуу өкүл Миргүл Молдоисаевага бул жолугушууну уюштургандыгы жана Кыргыз Республикасындагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, учурда коронавирус эпидемиясынын кесепетинен келип чыккан учурдагы кырдаалды жеңилдетүү боюнча Кыргыз Республикасынын муктаждыктарын баалоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын, андан кийин кошумча каражат бөлүү жана техникалык жардам боюнча чечимдер кабыл алынаарын билдирди. Жыйынтыгында, Администратор Ахим Штайнер Кыргыз Республикасынын бардык улуттук күч-аракеттерин толугу менен колдой тургандыгын жана БУУнун жардамы боюнча кыргыз тараптын бардык суроо-талаптарын илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин кайталады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK