Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директору Нгози Оконжо-Ивеала айымга ишеним грамоталарын тапшырды

Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директору Нгози Оконжо-Ивеала айымга ишеним грамоталарын тапшыруу аземи 26-июлда Женева шаарындагы Дүйнөлүк соода уюмунун башкы кеңсесинде болуп өттү.

Кыргызстандын БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы Женева шаарындагы Туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Нгози Оконжо-Ивеала айымга ишеним грамоталарын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Бейшеналиев ДСУнун Башкы директоруна Кыргызстандагы ички саясий жана экономикалык кырдаал, өлкөдөгү акыркы саясий окуялар жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү, 1998-жылы уюмга кошулуу менен Кыргызстан өлкөдө либералдык реформаларды жүргүзүү үчүн саясий эркти көрсөткөндүгүн жана постсоветтик чөлкөмдөгү экономикалык өзгөрүүлөрдүн авангарды катары иш алып барып, Дүйнөлүк соода уюмунун КМШ мейкиндигиндеги биринчи мүчөсү болгонун баса белгиледи. Кыргыз Республикасынын өкүлү белгилегендей, 1998-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден бери Кыргыз Республикасы соода-экономикалык мамилелер түзүлгөн өлкөлөрдүн географиясын эки эсеге кеңейтти.

Алмазбек Бейшеналиев Нгози Оконжо-Ивеала айымдын жакында башкы директордун кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, Дүйнөлүк соода уюмунун 2021-жылдын ноябрь-декабрь айларына пландалган Министрлер конференциясынын ийгиликтүү өтүшүн каалады жана Нгози Оконжо-Ивеала айымга Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмунун негизги иш-чарасына активдүү катышат деп ишендирди.

Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директору өз кезегинде Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон башка өлкөлөр үчүн өлкөдө терең реформаларды жүргүзүүдө үлгү өлкөлөрдүн бири экендигин баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын жаңы Туруктуу өкүлүнө ийгиликтерди каалап, жемиштүү кызматташууга ишеним артты. Министрлер конференциясы тууралуу Нгози Оконжо-Ивеала айым Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын деңгээлинде катышуусу каралып жаткандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK