Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулу Тимур Абдижалил Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин өкүлчүлүгүнүн директору Шейх Мактум Аль Мактумга консулдук патентин тапшырды

2021 - жылдын 29 - сентябрында Кыргыз Республикасынын Дубай жана Түндүк Эмираттардагы Башкы консулу Тимур Абдижалил Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлигинин өкүлчүлүгүнүн директору Шейх Мактум Аль Мактумга консулдук патентин тапшырды.

Жолугушууда Башкы консул Т. Абдижалил Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен соода - экономикалык жана маданий - гуманитардык кызматташтыкты жогору баалаарын баса белгиледи. Т. Абдижалил маалымдагандай, бул жыл юбилейлик иш - чараларды камтыйт, тактап айтканда БАЭнин 50 жылдыгы, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгы, ошондой эле масштабдуу көргөзмө катары "EXPO Dubai 2020" өткөрүлүшү.

Башкы консул Т.Абдижалил Эмираттардагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын, айрыкча БАЭде жашаган эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо көрсөткөн жардамына өзгөчө көңүл бурду.

Өкүлчүлүктүн директору Шейх Мактум Аль-Мактум башкы консул Тимур Абдижалилди дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады жана БАЭнин Дубайдагы Башкы консулдугунун демилгелерин жана эки өлкөнүн мамилесин бекемдөө үчүн өз колдоосуна ишендирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK