Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси С.Шер-Нияздын Франциянын билим берүү министрлигинде жолугушуусу болуп өттү

2023-жылдын 5-сентябрында Париж шаарында кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын билим берүү министрлигинин эл аралык мамилелер жана кызматташтык департаментинин директору Наталья Никитенко айым менен жолугушту.

Элчи С.Шер-Нияз мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн кызматташуусу боюнча сунуштарды киргизди. Тактап айтканда, Францияда мектепке чейинки билим берүү системасын уюштуруу, Францияда Инклюзивдик билим берүү усулдары боюнча тажрыйба алмашуу. Ошондой эле Кыргыз Республикасында француз тилин үйрөнүүнү кеңири жайылтуу максатында Парижде же Франциянын башка региондорунда кыргыз мугалимдерин француз тилине окутууга жана квалификациясын жогорулатууга багытталган программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу.

Жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын жана Франциянын университеттеринин ортосундагы кош дипломдук программаларды өнүктүрүү жолу менен жогорку билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү кызматташтык маселесин карап чыгуу сунушталды, мисалы: экономикалык жана гуманитардык багыттардан баштоо.

Келишимдин укуктук базасын кеңейтүү максатында элчи С.Шер-Нияз Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуунун долбоорун тапшырды.

Француз тарап мектепке чейинки жана мектептик билим берүүнүн кызматташуусу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча Элчинин сунуштарын оң кароо менен, Франциянын билим берүү мекемелерине предметтик экскурсия үчүн Кыргыз Республикасынан делегацияларды кабыл алууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле кызматташууну активдештирүү жана келишимдик укуктук базаны кеңейтүү маселесин талкуулоо үчүн эки министрликтин эксперттери жана юристтери ортосунда гибриддик форматта жолугушууларды өткөрүү тууралуу макулдашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосундагы Билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону улантууга даяр экендигин тастыкташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK