Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушту

2022-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик-техникалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча жол картасына кол коюлду.

Аскердик билим берүү тармагында мындан аркы кызматташууну бекемдөө максатында Коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Түркия Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлер мектебинин командачысы Гүлтекин Яралынын жолугушуусу болуп өттү. Тараптар аскердик кесиптик билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Кыргызстандык делегация Аскер окуу жайынын ишмердүүлүгү менен таанышты жана Аскер окуу жайында билим алып жаткан кыргызстандык курсанттар менен жолугушту.

Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдындагы Коргоо өнөр жай дирекциясынын жетекчилиги менен жолугушуп, аскердик өнөр жай, техникалык тейлөө жана коргоо тармагындагы мамлекеттик ишкана “Асфат” комплексинин объектилери менен таанышты. Кыргыз делегациясы Түркиянын коргоо өнөр жайынын алдыңкы компаниясы болгон, ишмердүүлүгү байланыш жана маалымат технологиялары, коргонуу технологиялары жана коопсуздук тармактарын камтыган «Аселсан» компаниясына да барды.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин делегациясы Анкара шаарында болгон учурунда Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде Элчи Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту, “Аныткабир” күмбөзүнө жана Анкаранын Кечиөрен муниципалитеттин борбордук аянтындагы Улуу Манастын эстелигине барышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK