Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы, БУУнун гуманитардык маселелер боюнча өкүлү доктор Абдулла Аль-Маатук менен жолугушту

2021-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кайрымдуулук уюмдар боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулоо максатында Эл аралык ислам кайрымдуулук уюмунун төрагасы, БУУнун гуманитардык маселелер боюнча өкүлү доктор Абдулла Аль-Маатук менен жолугушту.

Элчи А.Карагулов Кыргызстанда Кувейттин кайрымдуулук уюмдарынын ишмердүүлүгүн маңыздуу долбоорлорду ишке ашыруу, социалдык шаарчаларды, ооруканаларды жана билим берүү мекемелерин куруу боюнча ийгиликтүү координациялоо үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде доктор А.Аль-Маатук Кувейттин кайрымдуулук чөйрөсүндөгү принциптери, максаттары жана милдеттери менен тааныштырды, бул иш Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жогору баалангандыгын белгиледи. Ошондой эле Кувейт тараптын бул ишти Кыргыз Республикасында улантууга кызыкдар экенин ырастап, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкеке болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөргөн жолугушууларынын жыйынтыктарын белгиледи.

Муну менен катар, кайрымдуулук уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын ишин мамлекеттик программалар жана өлкөнүн социалдык муктаждыктары менен координациялоонун маанилүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK