Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация боюнча башкармалыгынын башчысы, проф. Фахреттин Алтун менен жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 13-апрелинде Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация боюнча башкармалыгынын башчысы, проф. Фахреттин Алтун менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар маалымат, ЖМК жана маданият жаатындагы эки тараптуу, ошондой эле ТҮРКСОЙ жана Түрк Кеңешинин алкагындагы көп тараптуу форматтагы кызматташууну бекемдөө жана кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. Тактап айтканда, жакынкы аралыкта тиешелүү эки тараптуу Протоколго кол коюу аркылуу, Кыргызстан менен Түркиянын жалпы тарыхын жана маданий баалуулуктарын жайылтуу максатында фестивалдарды, фильмдерди, сериалдарды жана документалдык тасмаларды даярдоо ж.б.

Фахреттин Алтун Түркиянын улуттук телерадио компаниясынын (ТРТ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жакын арада ачылышына жана ТРТда кыргыз телекомпанияларынын кызматкерлеринин стажировкалары кайрадан башталышына ынандырды.

Ошондой эле тараптар түрк тарабынан Көзөмөлдөөчү кеңешинин Төрагасы проф. Ф.Алтун болгон Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ишмердүүлүгү жөнүндө маселени талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK