Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулу Нурлан Абдрахманов Стамбул шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Шевкит Авдагич менен жолугушту

2021-жылдын  31-мартында Кыргыз Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулу Нурлан Абдрахманов Стамбул шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Шевкит Авдагич менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консул Н.Абдрахманов  төрагага өлкөдөгү ички саясий кырдаал жана Кыргыз Республикасында боло турган референдум жөнүндө, өлкө жетекчилигинин жана Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык секторду өнүктүрүүгө багытталган учурдагы иш-аракеттери, коронавируска каршы күрөшүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маалымат берди. Өзгөчө Кыргызстандын ар бир аймагынын келечектүү мүмкүнчүлүктөрүн жана инвестициялык потенциалын өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгынын,  товар жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларга чейин көбөйтүү жана эки өлкө ишкерлеринин жана мекеме өкүлдөрүнүн катышуусу менен онлайн конференцияларды өткөрүү зарылдыгы жөнүндө ачык пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде Шевкит Авдагич Стамбул Соода-өнөр жай палатасына караштуу ушундай эле аталыштагы университет иштей тургандыгын, анын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы студенттердин жана окутуучулардын  алмашуусун уюштуруу мүмкүн экендигин маалымдады. Бул окуу жайынын ректору менен жолугушуу өткөрүү жөнүндө макулдашуу жетишилди. 

Жолугушуунун аягында тараптар өз ара тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK