Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмунун Аткаруучу директору Рикардо Кальдерон менен жолугушту жолугушуу өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында 2022-жылдын 23-октябрында Сеул шаарында Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмунун Аткаруучу директору Рикардо Кальдерон менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.

Рикардо Кальдерон Кыргызстанды, КРнын Айыл чарба министрлигин ушул жылдын сентябрь айында Токой секторунда кызматташуу боюнча Азия уюмуна (AFoCO) кириши менен куттуктады. Ал жалпы Туруктуу өнүктүрүү максаттарына, ошондой эле токой тармагындагы аймактык жана глобалдык максаттарга жетүү боюнча AFoCOнун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасы тарабынан тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү жана чакырыктары менен күрөшүүгө багытталган «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык – 2023-2027-жж.» жалпы аталышындагы иш-чаралар комплексин өткөрүү демилгесин белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында өткөрүлүп жаткан «Жашыл мурас» улуттук көчөт отургузуу кампаниясын өткөрүү боюнча демилгеси учурда ишке ашырылып жатканын билдирди.

Кыргызстандын жогоруда белгниленген жашыл демилгелерин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Тараптар айлана-чөйрө, экология жана токой чарбасы жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен AFoCO тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн макулдашышты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү үчүн күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK