Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин  Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Кыргызстандагы Франциянын, Германиянын Элчилери жана Венгриянын КРдагы Элчисинин орун басары менен жолугушту

2022-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин  Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы, Элчи Эдуард Ауэр, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Габриэла Геллил, Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаус жана Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчисинин орун басары Ласло Дороци менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Европадагы коопсуздук маселелери, атап айтканда, Украинадагы учурдагы кырдаал жана анын эл аралык платформаларда каралышы тууралуу пикир алмашуу болду.

Министрдин биринчи орун басары Украинадан мекенине кайткан Кыргыз Республикасынын жарандарына «жашыл коридор» бергендиги үчүн венгрия тарапка ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле европалык кесиптештерине Кыргызстандын жарандарын Украинага чектеш өлкөлөр аркылуу эвакуациялоого көмөк көрсөтүүнү улантуу өтүнүчүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK