Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиевдин Улуу Британиянын Премьер-министринин Атайын өкүлү, Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Түштүк жана Борбордук Азия, Түндүк Африка, Бириккен Улуттар Уюму жана Шериктештик иштери боюнча Мамлекеттик Министри Лорд Ахмад менен телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү

2022-жылдын 2-мартында британ тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиевдин Улуу Британиянын Премьер-министринин Атайын өкүлү, Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Түштүк жана Борбордук Азия, Түндүк Африка, Бириккен Улуттар Уюму жана Шериктештик иштери боюнча Мамлекеттик Министри Лорд Ахмад менен телефондук сүйлөшүүсү болуп өттү.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, быйыл Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө, ошондой эле бул датага арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле тараптар Украинадагы учурдагы кырдаалды да талкуулашты.

КР Тышкы иштер министринин орун басары А.Молдогазиев кыргыз тарап чыр-чатакты жалпы таанылган эл аралык укук принциптеринин жана ченемдеринин алкагында гана саясий-дипломатиялык ыкмаларды колдонуу аркылуу тынчтык жолу менен чечүүнү жактап, маселени тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталгандыгын колдой тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK