Кыргызстан менен Норвегиянын Тышкы иштер министрликтери видеоконференция аркылуу консультация өткөрүштү

2023-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Норвегия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин ортосунда видеоконференция байланышы аркылуу консультациялар өткөрүлдү.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин деңгээлинде, норвегиялык тараптан - Норвегия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Эйвинд Уэйд Петерсон катышты.

Тараптар эки тарапты кызыктырган айрым чөйрөлөрдө кыргыз-норвегиялык кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Тышкы саясий консультациялардын жүрүшүндө климаттын өзгөрүшү жаатындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Консулдук чөйрөдөгү маселелерге өзгөчө көңүл бурулуп, ошондой эле парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK