Кыргызстандын Азербайжандагы Элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Юстиция министри Фикрет Мамедов менен жолугушту

2023-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчиси Кайрат Осмоналиев менен Азербайжан Республикасынын Юстиция министри Фикрет Мамедовдун жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар мамлекет башчыларынын иш сапарларын эске алуу менен 2022-жылдагы эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыктарын талкуулашты. Тактап айтканда, мамлекет башчылары Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин тиешелүү документтерге кол коюусунан улам өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткени белгиленди. Укуктук чөйрөдөгү кызматташтыкка токтолуп, сот адилеттиги тармагындагы реформалар жана инновациялар тууралуу болду.

Тараптар ошондой эле быйыл Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун канааттануу менен белгилешип, эки өлкөнүн юстиция министрликтеринин ортосунда жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин баса белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK