Кыргызстандын БАЭдеги Элчиси Абдилатиф Жумабаев БАЭнин Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын Башкы катчысы, БАЭнин Эл аралык соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Хумэйд Мохамед бин Салем менен жолугушту

2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.К.Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын Башкы катчысы, Бириккен Араб Эмираттарынын Эл аралык соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Хумэйд Мохамед бин Салем менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Э.Батаева катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты практикалык активдештирүү маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын ортосунда кол коюлган Ишкерлер кеңешин түзүү өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасында жана Бириккен Араб Эмираттарында уюштурулган көргөзмө-жарманке иш-чараларына кыргыз жана эмират компанияларынын өз ара катышуусуна байланыштуу кызматташууну улантууга макулдашышты. Ошондой эле тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен өз ара визиттерди жана иш-чараларды уюштуруу жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK