Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Бавариянын Ландтагынын (аймактык парламентинин) Президенти Илзе Айгнер менен жолугушту

2022-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Бавария федералдык аймагына жасаган биринчи жумушчу сапарынын алкагында Мюнхен шаарында Бавариянын Ландтагынын (аймактык парламентинин) Президенти Илзе Айгнер менен жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Кыргыз Республикасынын демократиялык өнүгүүсү, улуттук экономиканын приоритеттүү тармактары жана ири инвестициялык долбоорлор, Борбордук Азия чөлкөмүнүн географиялык жана геосаясий абалы, регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча чаралар, ошондой эле эл аралык экономикалык кризистин биздин өлкөгө тийгизген терс таасири тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Бавария федералдык аймагынын ортосундагы парламенттер аралык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле кесиптик билим берүү тармагында кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү жана негизги багыттары жана Бавария федералдык аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаев Бавариянын Ландтагынын Президенти Ильзе Айгнерди өлкөбүзгө иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Бул жолугушууга Кыргызстандын Бавария жана Тюрингия федералдык аймактарындагы Ардактуу Башкы консулу Райнхольд Креммель катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK