Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Омурбек Текебаев германиялык «Janser Consult GmbH» компаниясынын директору Сергей Серебрянский менен жолугушту

2022-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Омурбек Текебаев германиялык «Janser Consult GmbH» компаниясынын директору Сергей Серебрянский менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандан келген квалификациялуу кадрларды Германияга ишке орноштуруу маселелери талкууланды. Элчи О.Текебаев эки өлкөнүн ортосунда ишке уюшкандык түрдɵ орноштуруу боюнча системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну камсыздоо боюнча Элчиликтин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Компаниянын директору С.Серебрянский «Janser Consult GmbH» компаниясынын квалификациялуу кадрларды, атап айтканда, медициналык кызматкерлерди Германияда ишке орноштуруу үчүн тартуу боюнча башка өлкөлөр менен кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал белгилегендей, бул максатта компания жеринде медициналык колледждин студенттерине тийиштүү билим берүү жана окутуу иштерин жүргүзүүдө.

С.Серебранский Бишкектеги «Janser Education Academy» академиясынын ишмердүүлүгү аркылуу Кыргызстандагы колледждердин бири менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын, анын алкагында медайымдарды Кыргызстанда окутууга жана андан ары аларды Германияда ишке орноштурууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK