Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Башкы прокурору Ли Вонсок менен жолугушту

2023-жылдын 30-январында Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова Корея Республикасынын Башкы прокурору Ли Вонсок менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө маектешүүлөр прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн түрдүү чөйрөлөрүндө, атап айтканда, кибер кылмыштуулукка, коррупцияга, баңги заттарды контрабандага каршы күрөшүү, өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана соттолгондорду экстрадициялоо боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Кореянын жогорку прокуратурасынын окуу жайларынын базасында тажрыйба алмашуу жана өз ара билим алмашууларды уюштуруу боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө басым жасалды.

Элчи А.Исмаилова Кыргыз Республикасы Корея Республикасы менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча, анын ичинде эки өлкөнүн прокуратуралары аркылуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал Кореянын прокуратурасында жүргүзүлүп жаткан реформаларды, ошондой эле Корея Өкмөтүнүн санариптештирүү, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү үчүн натыйжалуу маалыматтык системаны түзүү жана киберкоопсуздук тутумунун архитектурасын куруу жаатындагы жетишкен ийгиликтерин жана ийгиликтерин жогору баалады.

Өз кезегинде Корея Республикасынын Башкы прокурору Ли Вонсок жалпысынан прокуратуранын ишмердүүлүгү жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди, ошондой эле санариптик соттук экспертизанын өзгөчөлүктөрү, Кореянын «KICS» автоматташтырылган маалымат системасынын негизги принциптери тууралуу айтып берип, киберкылмыштуулук менен күрөшүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү, ошондой эле жогоруда айтылган бардык маселелер боюнча мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Кылмыш-жаза сот адилеттигине маалыматтык системаларды киргизүү боюнча Кореянын тажрыйбасын үйрөнүү жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында, тараптар эки өлкөнүн прокуратура органдарынын ортосунда сапарларды алмашууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK