Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Сенатынын Финансы, киреше жана экономикалык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы, сенатор Мухаммад Талха Махмуд менен жолугушту

Ушул жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын Финансы, киреше жана экономикалык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы, сенатор Мухаммад Талха Махмуд менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактагы жана өзгөчө Афганистандагы кырдаалды талкуулашты, ошондой эле аймактык коопсуздук маселелерин козгошту. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун багыттары жана мамлекеттер ортосундагы мамилелерди чыңдоо боюнча пикир алмашышты.

Биргелешкен иш сапарларды активдештирүү жана ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү аркылуу кыргыз-пакистан парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөө зарылдыгына өзүнчө басым жасалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо максатында мындан ары да үзгүлтүксүз байланыштарды улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK