Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын президенти Ирфан Икбал Шейх менен жолугушту

Ушул жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын президенти Ирфан Икбал Шейх менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, атап айтканда, айыл чарба, тамак-аш азыктарынын импорттоо-экспорттоо, өнөр жай, ошондой эле текстиль жана фармацевтика тармактарындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев бизнес-коомчулуктардын ортосундагы олуттуу потенциалын белгилеп, Кыргызстан менен Пакистандын бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү жана колдоо аркылуу экономикалык кызматташтыктын баардык спектрин өнүктүрүүгө зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ал айрыкча эки өлкөнүн соода жана инвестициялык байланыштарын чыңдоого багытталган аракеттерди бириктирүү зарылчылыгын белгиледи.

Ушуга байланыштуу, ал пакистан тарабын келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө жана өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасына иш сапар менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде, И.И.Шейх продукциянын ар кандай түрлөрүн өз ара экспорттук-импорттук кызматташууну жигердүү өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында маектештер жакынкы аралыкта биргелешкен экономикалык иш-чараларды: бизнес-форумду, продукциялардын көргөзмөлөрүн жана бизнес-делегациялардын өз ара иш сапарларын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK