Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулу Лира Сыдыкова Кыргызстандын Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омокановичтин жана Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен болуп өткөн жолугушуусуна катышты

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Лира Сыдыкова 2021-жылдын 24-октябрында Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омокановичтин жана Түркия Республикасынын Ички иштер министри Сулейман Сойлу менен болуп өткөн жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык экстремизмге, адам сатууга, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө, уюшкан жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү, эки өлкөнүн мекемелеринин кызматкерлеринин тажрыйба алмашуусу, ошондой эле материалдык-техникалык ресурстарды камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Андан тышкары, Түркияда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды. Анын ичинде, Кыргыз тарап, 2021-жылдын 13-октябрында Текирдаг шаарында өлтүрүлгөн кыргыз жараны М.А.нын өлүмү боюнча айыпталган түрк жараны Ф.А.га карата тергөө ишинин жүрүшүн жана каралашын өтүндү.
Ошону менен бирге, тараптар эки өлкөнүн жарандарына карата ачылган кылмыш иштер боюнча чечимдерин тездетүү, Түркиянын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан мекендештердин абалы боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK