Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Германиянын элчиси Габриэла Геллил менен жолугушту

2021-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Габриэла Геллил менен жолугушту.

Нуран Ниязалиев Германиянын элчисин Германия Федеративдүү Республикасынын жаңы Федералдык Өкмөтүнүн түзүлүшү менен куттуктады. Өз кезегинде Элчи Габриэла Геллил Федералдык Өкмөттүн жаңы курамынын ишинин артыкчылыктары тууралуу маалымат берип, Германиянын Федералдык тышкы иштер министри кызматына Аннелина Бербок айым дайындалганын белгиледи.

Тараптар 2021-жылдын 26-ноябрында Кыргызстан менен Германиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы онлайн консультациялар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоого жана кызматташуунун мындан аркы багыттарын аныктоого мүмкүндүк бергенин белгилешти. Тактап айтканда, дипломаттар тышкы иштер министрликтеринин ортосунда өткөн консультациялардын контекстинде кыргыз-германия өз ара аракеттенүүсүнүн айрым аспектилерин карап чыгышты. Кыргызстан менен Германиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилей кетип, тараптар
2022-жылдын ичинде эки тараптуу иш-чараларды, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүүнү талкуулашты.

Нуран Ниязалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Өкмөтүнүн Кыргызстандагы долбоорлорду ишке ашырууга каражат бөлүү чечимин оң баалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK