Кыргызстандын Япониядагы Элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын Тышкы иштер министринин Парламенттик орун басары Таро Хонда менен жолугушту

2022-жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаевдин Япониянын Тышкы иштер министринин Парламенттик орун басары Таро Хонда менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Т.Хонда кыргыз тарапты куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Япониянын Премьер-министри Фумио Кисиданын, ошондой эле Япониянын Тышкы иштер министри Ёсимаса Хаясинин атынан Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевге даректелген куттуктоо каттарын тапшырды.

М.Арстанбаев өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р. Казакбаевдин атынан кесиптештерине даректелген куттуктоо каттарын тапшырды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү боюнча жана юбилейлик датага карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Маалымат катары: Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. 2003-жылдын январында Бишкек шаарында Япониянын элчилиги, 2004-жылдын апрель айында Токио шаарында Кыргыз Республикасынын элчилиги ачылган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK