Республика Кореядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Кырыгыз Республикасынын маданият, информация жана туризм министрлиги менен биргеликте уюштурган туристик «Роуд шоу» болуп өттү

2020 – жылы 13 - январда Республика Кореядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Кырыгыз Республикасынын маданият, информация жана туризм министрлиги менен биргеликте уюштурган туристик «Роуд шоу» болуп өттү.

Форумга алдынкы кореянын туроператорлору жана Кыргызстандын туркомпанияларынын окулдору: Ak-Sai Travel, Asia Expeditions, East West travel, C.A.T. Company, Travel Land Kyrgyzstan, Novi Nomad, Best Way жана Раян Тур катышты. 70тен ашуун туристик жана башка Республика Кореянын компаниялары, түштүк Кореянын ЖМК өкүлдөрү катышты.

Иш-чара учурунда Кореядагы Кыргызстандын Элчиси Динара Кемелова ачылыш сөз сүйлөп, Кореянын жарандары үчүн визасыз режим экенин белгилей өтүп, акыркы жылдары Кыргызстанды туристтер көбүрөөк кызыктыра баштап, саны өскөнүн айтты.

Элчи КР жана Кореянын туркомпанияларын Кыргызстанды кореялык туристер үчүн популярдуу туристик дестинацияга айландыруусуна чакырды.

Кырыгыз Республикасынын маданият, информация жана туризм министрдин орун басары – КР Туризм департаментинин директору Дамир уулу Максат Кыргызстандын туристтик потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пренентация кылып жана Кыргызстанга келген кореялык туристердин саны 16 054 жеткенин жана көбөйүп баражатканын айтып өттү.

Саламдашуу сөзүндө Кореялык туристик ярмаркаларды уюштуруучу Ассоциясынын  Президенти Кан Суп Пак мырза, биринчи этапта Кыргызстан менен Кореянын ортосунда чартердик рейс жүргүзөөрүн үмүттөндүрдү, ушул «роуд-шоу» сыяктуу иш-чаралары Корея менен Кыргызстанды жакындаштыраарын жана эки өлкөнүн туристик карым-катмашын кеңейтээрин белгилеп отту.

Кырыгызстандын туристик компанияларынын өкүлдөрү туристер үчүн кандай кызмат көрсөтөөрүн жана өзүнүн мекемелери жөнүндө презентация кылышты.

«Роуд-шоу» программасында туризмдин түрү боюнча видеопрезентация жана Кыргызстандын туристик объектилери, кыргыздын элдик бийлери, эки өлкөнүн компанияларынын жолугуушулары, кыргыздын улуттук тамактарынан фуршет, таттуулары жана суусундуктары менен коштолду.

КР Туризм департаментинин директору Дамир уулу Максат эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү, анын ичинде Кореялык туристик ярмаркаларды уюштуруучу Ассоциясынын Президенти Кан Суп Пак мырза, Лотте корпорациясынын жана башка компаниянын өкүлдөрү менен болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK