Элчи Э.Абдылдаев Германиянын Өкмөтүнүн Россия, Борбор Азия жана Чыгыш өнөктөштүк өлкөлөрү менен коомдор аралык кызматташтык боюнча координатору Йоханн Заатхофф мырза менен жолугушту

2020-жылдын 30-сентябрында Германиянын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Өкмөтүнүн Россия, Борбор Азия жана Чыгыш өнөктөштүк өлкөлөрү менен коомдор аралык кызматташтык боюнча жаңы координатору Йоханн Заатхофф мырза менен жолугушту, ага чейин бул кызматта Д.Визе мырза болчу.

Маектешүүнүн жүрүшүндө саясий, парламенттер аралык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-герман мамилелерин өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Энергетика тармагында жана  «жашыл»экономиканы илгерилетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи Эрлан Абдылдаев, Германия биздин өлкөбүз үчүн Европадагы негизги өнөктөштөрдүн бири болуп жана кыргыз-герман мамилелерин өнүктүрүү Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүү үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилеп, COVID-19 байланыштуу Кыргызстанда азыркы социалдык-экономикалык абал жана Жогорку Кеңештин депутаттарын алгачкы шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда, Элчи Эрлан Абдылдаев жана Координатор Йоханн Заатхофф, кыргыз-герман кызматташтыгын активдүүилгирилетүү үчүн регулярдуу байланышта болууну макулдышышты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK