«Тоолуу аймактардагы аялдардын жана кыздардын кызыкчылыктарын коргоо». Кыргызстан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын алкагында студенттердин катышуусу менен иш-чара өткөрдү

2024-жылдын 14-мартында БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу БУУ алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Непалдын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү Тоо Өнөктөштүк катчылыгы жана Юта өрөөнүнүн университети менен биргеликте “Кызыктыруучу билим берүү аркылуу тоолуу аймактардагы аялдардын жана кыздардын кызыкчылыктарын коргоо” деген темада кошумча иш-чара өткөрдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты тоолуу аймактардагы аялдардын жана кыздардын кызыкчылыктарын билим берүү программалары аркылуу коргоо жана ошондой эле алардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болду.

Иш-чарага Тоолуу өлкөлөрдүн БУУдагы тобуна мүчө мамлекеттердин  өкүлдөрү, Юта өрөөнүнүн университетинин, ошондой эле Ош технологиялык университетинин окутуучулары жана студенттери катышты.

Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гулнара Баатырова ачылыш сөз сүйлөдү. Туруктуу өкүл Аида Касымалиева өз сөзүндө “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин” алкагында студенттердин билим алуусуна жана өзүн өзү өнүктүрүүсүнө, ошондой эле тоолуу аймактардагы аялдар менен кыздардын сапаттуу билим алуусуна жана өз алдынча изилдөө жүргүзүүсүнө көмөк көрсөткөн билим берүү программаларына көңүл буруу маанилүү экенин  белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK