Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев РФтын Тышкы иштер министринин орун басары С.Рябковду кабыл алды

2023-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Ядролук жайылтпоо режимин чыңдоо» аймактык семинарына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу аянтчаларда кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш чаралар тууралуу пикир алмашышты.

Маектештер кыргыз-россия мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK