Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасынын иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо боюнча кеңейтилген онлайн жолугушуу болуп өттү

Ушул жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын мартында Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана иштерди активдештирүү боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.А. Казакбаев менен Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри А.Х. Камиловдун (2021-жылдын 8-декабрында, Ташкент ш.) жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасынын иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо боюнча кеңейтилген онлайн жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн биринчи орун басарлары жана аталган аймактардагы райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер жана алардын орун басарлары, ошондой эле шаарлардын мэрлери катышты.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасынын практикалык иш-чараларынын планын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдашып, кызматташтыкты чыңдоо боюнча демилгелерди жана ошондой эле актуалдуу маселелерди алга жылдыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушууда өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана чек ара аймактарынын кызматташтыгы боюнча кеңештин буга чейинки отурумдарынын чечимдерин ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы М.Исмаилов катышуучуларга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK