Америкадагы мекендештер Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгын белгилешүүдө

3086

 

АКШнын бардык штаттарында жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык атуулдар Чикаго шаарына чогулушуп Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык маарекесин белгилеп жатышат. Майрамдоо иш чарасы 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин созулат. Иш чаранын биринчи күнүндө АКШнын Чикаго шаарында Кыргыз маданий борборунун расмий ачылышы болду. Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев чогулган элдин алдында чыгып сөз сүйлөп, ачылышка келген мекендештерди Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан куттуктады. Өз сөзүндө, Бакыт Аманбаев бул Маданий борборду АКШда төрөлүп, өсүп жаткан жаш муундарга кыргыз тилин, маданиятын, каада салтын, музыкасын үйрөтө турган, ошондой эле Америкада жашаган ар бир кыргызстандык үй-бүлөө сүйүп колдогон Ак ордого айлантуу боюнча өз оюн айтып,“Кыргыз маданий борборунун” имаратын сатып алуу жана ачууну уюштурган мекендештерибиздин иш-аракеттерине Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун атынан терең ыраазычылык билдирди.

Маданий борбордун ачылышында чогулган элге Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тарабынан уюштурулган сүрөт көрсөтмөсү көрсөтүлдү. Ал көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын өз эгемендүүлүгүн алган 1991-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки мамлекеттик деңгээлдеги тартылган тарыхый маанидеги сүрөттөр жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы, экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүрөттөр камтылды. Ошондой эле Элчилик СССР жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданияттына эмгеги сиңген мыкты ишмери, Г.Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Алмасбек Самидиновдун сүрөт көргөзмөсүн тартуулады.

Иш чарага удаалаш эле элчилик тарабынан Америкадагы мекендештерге консулдук кызмат көрсөтүлүүдө.

АКШдагы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн майрамдоо иш-чарасы 7-сентябрга чейин улантылат.

Иш-чаранын экинчи күнүндө үч миңге жакын мекендештердин катышуусунда кыргыздын улуттук оюндарынын мелдештик иш-чараларынын ачылышы уюштурушу, андан соң кыргыз-америка ишкерлеринин бизнес форуму өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK