Документерди таануу жана суратып алдыруу
Кыргыз Республикасынан суратып алуу үчүн талап кылынган документердин тизмеси:
1. КРнын аймагында соттолбогону туралуу справка:
- документи суратып алуу үчүн толтурулган анкета;
- жалпы жарандык паспорт;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), бар болгон учурда;
- туулгандыгы туралуу күбөлүк;
- фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү туралуу күбөлүк;
- никенин катталгандыгы жөнүндө күбөлүк.
2. Никенин катталбагандыгы туралуу справкалар:
- документи суратып алуу үчүн толтурулган анкета;
- жалпы жарандык паспорт;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), бар болгон учурда;
- туулгандыгы туралуу күбөлүк;
- нике бузуу жөнүндө күбөлүк, мурун нике бузулган учурда.
3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык эмес экендиги туралуу справка:
Арызга төмөнкү документерди тиркөө керек:
- арыз ээсинин өздүгүн тастыктаган документердин (паспорт же туулгандыгы туралуу күбөлүк) түп нускасы же көчүрмөсү;
- толук автобиографиясы;
- ак фондо 4×6 см өлчөмүндө түстүү эки сүрөт;
- Украинанын аймагында туруктуу түрдө жашагандыгын тастыктоочу төмөнкү документтердин бири (каттоо белгиси бар паспорту, жашаган жеринен маалымкат;
- үй-бүлөсү бар болгондугу туралуу документ (никеге туруу жөнүндө күбөлүк, туулгандыгы туралуу күбөлүк);
- консулдук кызмат көрсөтүү үчүн каражаттарды төлөө ырастамасы.