Дипломатиялык миссиянын башчысы
Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Кадыркулов Идрис Анарбекович
1971-жылдын 4-январында туулган.
Билими:
Кыргыз Мамлекеттик улуттук университети “Экономика жана башкарууну уюштууруу” кесиби (1996-ж.), Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясы “Мамлекеттик саясат жана башкаруу жогорку мектеби” кесибинин магистри (2015-ж.), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясынын “Эл аралык мамилелер” кесиби боюнча магистри
(2019-ж.).
Иш тажрыйбасы:
1994-1988-жж. – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.
1998-2016-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматы.
2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Баңги затты көзөмөлдөө Мамлекеттик кызматынын Төрагасынын Биринчи орун басары.
2016-2018-жж. - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматы.
2018-2019-жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматынын Төрагасы.
2022-жылдын 25-январынан тарта Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.