2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды

315

2023-жылдын 13-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугу мекендеш статусун (Мекен-карт)  алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштады. Мындай статуска КРдин мурдагы жарандары, алардын балдары жана неберелери ээ боло алат. «Мекен» карталарын алуу чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге Кыргыз Республикасында жүрүү жана мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартиби боюнча өзгөчө укуктарды берет (жашоо түрүн тариздебестен туруктуу жашоого, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген негиздер боюнча жана тартипте эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында болууга, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн бирдей шарттары, жер участогуна укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратуу ж.б.).

Мекендеш (Мекен-карт)  макамын ыйгаруу менен 10 жылга жарактуу мөөнөтү бар документ берилет.

Мекендештин статусу жалпы жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ыйгарылат. Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып 6 ай өтпөсө, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Мекен-карт алуу үчүн кайрылууга укуктуу.

«Мекен-карт» мекендешинин статусун алуу үчүн документтерди тариздөөгө Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы консулдугуна жеке кайрылуу керек.

Мекендеш (Мекен карт) статусун алуу маселеси боюнча толук маалымат алуу үчүн Башкы консулдуктун расмий сайтынан (консулдук маселелер/кызмат бөлүгү) ошондой эле төмөнкү телефондор аркылуу алса болот: +905465570471, +905348388551.

Сайттын бөлүгүнө шилтеме: https://mfa.gov.kg/ru/dm/generalnoe-konsulstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-g-antalya/menyu---inostrannoe/konsulskie-voprosy/uslugi/uslugi-62bc289964026

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK