2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү болуп белгиленген.

4507

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү болуп белгиленген. Буга байланыштуу төмөнкү нерселер тууралуу маалымдайбыз.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинде № 9022 шайлоо участогу уюштурулган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде консулдук каттоодо турган жана биометрикалык маалыматтарын берген жарандар тийиштүү участоктогу шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Консулдук каттоого туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигине жеке өзү келип документтер топтомун тапшыруу же болбосо сканерден өткөрүлгөн документтерди (чет элдик паспортун жана ички паспортун – ID-картаны) kgembassy.ua@mfa.gov.kg расмий электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Шайлоочулар www.tizme.gov.kg сайтындагы же “Тизме” мамлекеттик порталындагы шайлоо участкаларынын тизмесинен өздөрүн текшерип алышы керек.

Киев шаарындагы № 9022 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине кирбей калган учурда жаран Элчиликке келип, өздүгүн тастыктаган документтерин – жалпы жарандык (чет элдик) паспортун же КР жаранынын паспортун (ички паспорт - ID-карта) көрсөтүп, инсандыгын идентификациялоодон өтүп, форма-2 боюнча арыз жазуусу керек. Мындан соң жаранды Киев шаарындагы № 9022 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине киргизүү үчүн маалымат БШКга жөнөтүлөт.

Форма-2 боюнча арыздар участкалык шайлоо комиссиясына шайлоо белгиленген күнгө чейин 15 күн калган убакытка чейин тапшырууга болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK