2019-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Украинанын Сумы областынын Сумы шаарында болуп өткөн «Sumy Invest Bridge-2019» Эл аралык бизнес-форумуна катышты.
2019-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Украинанын Сумы областынын Сумы шаарында болуп өткөн «Sumy Invest Bridge-2019» Эл аралык бизнес-форумуна катышты.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Элчиликтин кеңешчиси М.Апышов Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу баяндама жасап, Кыргызстан жана Украинанын ортосунда соода, айыл-чарба, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, машина куруу, туризм, IT-чөйрө, транспорт жана логистика чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, Сумы областынын ишкерлери менен «B2B» сүйлөшүүлөрүн жүргүздү.