2022-жылдын 23-июлунда Элчи И.А.Кадыркулов Приднепровск тоо-химиялык корпорациясынын директору А.В.Гребенюк мырза менен жолугушту

2295

2022-жылдын 23-июлунда Элчи И.А.Кадыркулов Приднепровск тоо-химиялык корпорациясынын директору А.В.Гребенюк мырза менен жолугушту.

Инвестициялык кызматташуу боюнча пикир алмашуунун алкагында тараптар өлкөдөгү оор мезгилге карабастан Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын макулдашты.

А.Гребенюк мырза жакында Кыргызстандан кайтып келип, инвестициялык климатты, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы таштандыларды кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн барган. Мындан тышкары, ишкер атомдук тармакта «КГРК» ААК менен кызматташуунун келечегин билдирди.

Маалымат үчүн: Гребенюк А.В. атомдук энергетика жана өнөр жай тармагында 40 жылдык тажрыйбасы бар. Чернобыль апаатын жоюу боюнча иштердин буткул комплексинин жетекчилеринин бири болгон.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK