2020-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов Украинадагы Болгария Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Кожабашев менен жолугушуу өткөрдү.

4919

Эки тараптуу жолугушууда министрликтер ортосунда болуп өткөн кеңешмелерди жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдар талкууланды.

Андан сырткары жолугушуунун учурунда Элчи К.Кожабашев Элчи Ж.Шариповго өкмөттөр аралык экономикалык кызматташуу жөнүндө келишимдин долбоорун жана өкмөттөр аралык комиссиянын статутун тапшырды. Бул келишимдин долбоору мурда Элчилик тарабынан суралган.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү жана консулдук-укуктук маселелер боюнча өз ара иштешүүнү макулдашышты.

Жолугушуу достук жана конструктивдүү маанайда өттү.

  • 2020-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.Шарипов Украинадагы Болгария Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Кожабашев менен жолугушуу өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK