2021-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жана Украинанын Соода-өнөр жай палаталары, Украинанын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте, тийиштүү министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрүнүн жана эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда онлайн форматта бизнес форум өткөрдү.

4471

Элчи Ж.Шарипов өзүнүн куттуктоо сөзүндө экономикалык кызматташтык, инвестициялык климат, Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берип, украиналык компанияларды өлкөбүздүн улуттук экономикасына активдүү инвестиция салууга жана биргелешкен өндүрүш ишканаларын кыргыз өнөктөштөрү менен биргеликте ачууга чакырды.

Тараптар Кыргызстан менен Украинанын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды жана презентацияларды көрсөтүштү. Соода-экономикалык кызматташтыктын мындан аркы пландары талкууланды жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды орнотуу жана кеңейтүү үчүн палаталардын мүчөлөрү үчүн туруктуу аянтча түзүүгө даярдыгы боюнча тараптардын ниеттери билдирилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ушул жылдын июнь айынын биринчи декадасында Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда боло турган Экинчи кыргыз-украин бизнес форумун талкуулашты.

  • 2021-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жана Украинанын Соода-өнөр жай палаталары, Украинанын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте, тийиштүү министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрүнүн жана эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда онлайн форматта бизнес форум өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK