2022-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Болгариянын Соода-өнөр жай палатасынын имаратында Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентацияларды өткөрдү.

2320

Болгариянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Ц.Симеонов экономикалык чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Элчилик чет элдик инвесторлорго салык жана бажы талаптарынан бошотуу боюнча преференциялары бар эркин экономикалык аймактардын жана айрым субсидияланган аймактардын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле Кыргызстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча кеңири маалымат берди.

Кыргыз Республикасы 6200дөн ашык товардык позицияны Европа Биримдигинин аймагына алымсыз ташып кирүүгө мүмкүндүк берүүчү Преференциялардын Жалпыланган схемасы статусуна ээ болгондугу жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп, 5 өлкөнүн рыногуна бажы төлөмдөрсүз кирүү укугу тууралуу кеңири маалымат берилди.

Болгар тараптан жолугушууга бизнес секторунун өкүлдөрү жана 28 аймактык соода жана өнөр жай палатасынын мүчөлөрү, оффлайн режиминде жана видеоконференция аркылуу катышты.

Элчилик болгариялык компанияларды биздин өлкөнүн улуттук экономикасына жигердүү инвестициялоого жана Евразиялык экономикалык биримдиктин рынокторуна бажы төлөмү жок кирүү үчүн кыргызстандык өнөктөштөр менен бирге өндүрүш ишканаларын ачууга чакырды.

  • 2022-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Болгариянын Соода-өнөр жай палатасынын имаратында Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө презентацияларды өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK