2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Болгария Республикасындагы, резиденциясы Киев шаарында жайгашкан, Элчилиги Болгария Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык боюнча дирекциясынын директору В.Ганева менен жолугушту.

2569

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуу жана студенттерди алмашуу программалары, ошондой эле Болгария менен Кыргызстандын ЖОЖдорунун профессордук-окутуучулар курамынын квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар министрликтин деңгээлинде эки тараптуу келишимге кол коюуга кызыкдар экенин билдирип, анда эки тараптын ЖОЖдорунда паритеттик негизде бекер билим алууга квота берүү маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар билим берүү тармагында активдүү кызматташууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK